Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычында 21 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС куруу долбоорун ишке ашырууну пландаштырууда

Новости
16-Январь 2023-ж.
1252

Кыргыз Республикасында Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation компаниясы менен биргеликте Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 МВт болгон чакан ГЭСти куруу долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

2023-жылдын 13-январында Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Энергетика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун жана China Natonal Heavy Corporation (Кытайдын Улуттук оор машина куруу корпорациясынын) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу