Айрым айыл чарба продукциялары үчүн КНСтин нөлдүк ставкасын узартуу жөнүндө

Новости
09-Январь 2023-ж.
2203

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукциясынын кескин тартыштыгын болтурбоо жана республиканын азык-түлүк рыногунун туруктуулугуна карата ички жана тышкы коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу максатында 2022-жылдын аягында “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому кабыл алынган.

Бул токтомдун максаты өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукциясынын курч тартыштыгын болтурбоо жана республиканын азык-түлүк рыногунун туруктуулугуна карата ички жана тышкы коркунучтарга ыкчам чара көрүү болуп саналат.

Аталган токтом менен салык салынуучу жеткирүүлөр жана салык салынуучу импорт үчүн нөлдүк (0) пайыздык ставка боюнча кошумча нарк салыгы салынууга тийиш болгон товарлардын тизмеси бекитилди, мында 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин КР аймагына ташылып келинген жана импорттолуучу товарлар үчүн кошумча нарк салыгынын (КНС) нөлдүк (0) пайыздык ставкасы белгиленет. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бул чечими жеткирүүчүлөргө, импорттоочуларга Тизмеде көрсөтүлгөн товарларды салыктын нөлдүк ставкасы менен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде кыскартуу багытында керектөөчү үчүн акыркы баага олуттуу таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана көрсөткүчтөрү жөнүндө жобого ылайык азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн негизги продукциялар таблицада аныкталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу