«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» ардактуу наамы Гүлмира Досалиевага ыйгарылды

Новости
30-Декабрь 2022-ж.
2514

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” ардактуу наамы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкы бухгалтери Гүлмира Досалиевага ыйгарылды.

Урматтуу Гүлмира Сариевна!

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери Сизди татыктуу сыйлык алууңуз менен куттуктайт.

Сиздин кесиптик жана жеке сапаттарыңыз, зор турмуштук тажрыйбаңыз жана талантыңыз, ой жүгүртүү масштабыңыз, жогорку жоопкерчилик, ишиңизге кынтыксыз жана ак ниет кызматыңыз Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен татыктуу бааланганына чын жүрөктөн кубанычтабыз.

Чың ден соолук, алдыга койгон пландарыңызды ишке ашыруу, мындан аркы эмгек жолунда ийгиликтерди жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жыргалчылыгы үчүн жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайм!

Министр Д. Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу