Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Дж.Амангелдиевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

Новости
30-Декабрь 2022-ж.
2432

Урматтуу кызматкерлер, кыргызстандыктар!

Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул кышкы каникулдар туугандар жана достор менен болгон жылуу-жумшак жолугушууларга, унутулгус көз ирмемдерге, бактылуулуктун маанайына бөлөнгөн.

Бул күндөрү жакшы өзгөрүүлөрдү күтүү, жакшылыкка болгон үмүт, жалпы милдеттер жана максаттар, кесиптик жана жеке пландарды ишке ашырууга болгон ишеним баарыбызды бириктирип турат.

Өтүп жаткан жыл оңой болгон жок, бирок биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ишеним берип, кыйынчылыктарга туруштук бере аларыбызды, кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе аларыбызды көрсөтүп, экономиканы өнүктүрүүгө жакшы пайдубал түздүк.

Быйылкы жылы көрүлгөн чаралардын натыйжасында экономика туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Жалпысынан быйылкы жылдын жыйынтыгы жакшы динамикаларды көрсөтүп турат, экономикабыз тышкы факторлорго ыңгайлашуу процессинен өттү, кийинки жылга коюлган максаттарга жетүү үчүн мындан да көп күч-аракет жумшоо керек.

Жакында 2023-жыл күчүнө кирет. Алдыда жаңы нерселердин, кызыктуу долбоорлордун жана жетишкендиктердин мезгили турат. Бардык иштерибизди ийгиликтер коштоп, жаңы жыл тынчтыктын жылы болсун.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, күнүмдүк тынымсыз эмгеги менен биздин жетишкендиктерибизди арттырууга, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин беделинин жогорулашына жана анын чегинен тышкары жерлерде салымын кошуп жаткан ар бир адамга ыраазычылык билдиргим келет.

Жаңы жылда сиздерге жакшылык жана бакыт, чың ден соолук каалайм, ар бир үйдө жылуулук жана бакубатчылык орносун. Жаңы 2023-жыл өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жаңы ийгиликтерге шыктандырган ынтымак жана береке алып келген жыл болсун!

Урматым менен,                           

Министр                                                  Д.Дж.Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу