Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги биринчилерден болуп унааларын камсыздандырды

Новости
29-Декабрь 2022-ж.
2347

Автоунаалардын ээлеринин өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын сактоонун маанилүүлүгүнө жана зарылдыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Экономика жана коммерция министрлиги биринчилерден болуп автоунааларын камсыздандырышты.

Үстүбүздөгү жылдын 29-декабрында министрлик министрликтин балансында турган эки унааны камсыздандырган.

"OСАГО бардык өлкөлөрдө транспорт каражаттарынын ээлери келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн каржылык кепилдиктерди түзүүгө багытталган социалдык чара жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуунун каржылык куралы катары киргизилген".

Министрлик OСАГО полисинин ээсине берген артыкчылыктарын эске салды. Алардын арасында: келтирилген зыяндын ордун жабуу, кырсыктын күнөөкөрү аны өз чөнтөгүнөн төлөбөйт, жабырлануучу унааны оңдоого каражатты жеке өзү талап кылбайт. Мунун баарын камсыздандыруу компаниясы чечет.

«Камсыздандыруу полисинин жоктугу каржылык кыйынчылыктарга жана жабырлануучу тараптын жол кырсыгынын күнөөкөрү менен соттук териштирүүлөрүнүн узакка созулушуна алып келет жана мындай кырдаалда камсыздандыруу уюму келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен бул талашты чече алат», - деп белгиленди министрликте жана мамлекеттик муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жарандык коомду да ушундай талапты аткарууга чакырышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу