Кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду

Новости
29-Декабрь 2022-ж.
2704

2022-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциясоода министрлигинин сайтында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкө калкын жеткиликтүү баада сапаттуу буудай уну жана мал азыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ун тартуучу ишканаларга убактылуу жеңилдиктерди берүү жөнүндө токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана ун тартуучу өнөр жай ишканаларынын ортосунда Макулдашууга кол коюлду. 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Ж. Амангелдиев кол коюлган Макулдашууну ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ун жана нан азыктары социалдык мааниге ээ товарлар болуп саналат жана калктын жеткиликтүү баасын жана керектөөлөрүн камсыз кылуу жогорудагы Макулдашууну ишке ашыруунун негизги милдети болуп саналат.

Ун комбинаттары ассоциациясынын президенти Р.Жунусов данга жана унга кошумча нарк салыгын нөлгө салуу мөөнөтүн узартуу боюнча бир күн мурда кабыл алынган КР Министрлер Кабинетинин токтомунун натыйжалуулугун белгиледи. Анын айтымында, бул оң натыйжа берип, ата мекендик тегирменчилерге өлкөнү дан менен камсыздоого шарт түзөт. Бүгүнкү күндө КНС боюнча нөлдүк ставканын аркасында ун чыгаруучу ишканалардын ишин жандантууга, жарандарды иш менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жалпысынан учурда республикада 32 ун комбинаты иштеп жатат, бул 2021-22-жылга салыштырмалуу бир нече эсеге көп.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу