ЭКМ башчысы КЭРдин элчиси менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Новости
27-Декабрь 2022-ж.
2250

2022-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн айымдын жолугушуусу болуп өттү.

Жылдын аягында болгон жолугушуулар тараптардын соода-экономикалык мамилелеринин жыйынтыгын чыгарууда жакшы салтка айланды.

Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Министр Д.Амангелдиев 2022-жыл кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелери үчүн жагымдуу окуяларга бай болгонун, анын натыйжасында соода алакалары пандемияга чейинки деңгээлге жетип, өсүштүн оң динамикасы менен белгиленип жатканын айтты.

Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы 2022-жылдын 19-декабрында СУАР Кытай Эл Республикасынын Элдик Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Сун Хунмей башында турган СУАР Кытай Эл Республикасынын делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарын канааттануу менен белгиледи.

Элчи Ду Дэвэн соода-экономикалык кызматташтыктын өсүү динамикасы жана Тараптардын делегацияларынын визиттеринин алмашуусу туруктуу улана берерине ишеним артты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу