Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо долбоору жөнүндө

Новости
26-Декабрь 2022-ж.
2366

Ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы буйругу менен “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген.

Бул долбоордун алкагында жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттар каралган.

Долбоордун башталышы – 2022-жылдын майы

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай

Долбоордун баасы – 470 млн сом

Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана «РСК Банк», «Айыл Банк» жана «Керемет Банк» ачык акционердик коомдорунун каражаттары.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чарба жүргүзүүчү субъекттердин пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларын/финансылоо боюнча маржаларды, ошондой эле коммерциялык банктардын чыгашаларын каражаттардын эсебинен субсидиялайт.

Буйрукка ылайык, «РСК Банк», «Айыл Банк» жана «Керемет Банк» ачык акционердик коомдорунун пайыздык чендерин субсидиялоого 2022-жылга республикалык бюджеттен 50 000 000,00 (элүү миллион) сом бөлүү пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы буйругу менен субсидиялардын көлөмү 66 000 000 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн.

Долбоорду каржылоо жогорудагы буйрук менен бекитилген калктуу конуштардын тизмесине ылайык Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарынын субъекттерине банктар тарабынан жүргүзүлөт.

Долбоор биринчи 3 жылда нөл пайыздык ставка менен (0%), кийинки 2 жылда - жылдык 3% менен каражаттарды бөлүүнү карайт.

Жеңилдетилген насыялоонун максаттуу багыттары жөнүндө көбүрөөк маалыматты бул жерден таба аласыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу