КР салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Салык кодекси жана башкалар) мыйзам долбоору боюнча маалымат

Новости
22-Декабрь 2022-ж.
1700

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 2-декабрындагы “Чакан бизнести колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө” жана 2022-жылдын 26-июлундагы “Чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө” жана 2022-жылдын
 17-сентябрындагы “Баткен жана Ош облустарынын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, ошондой эле бизнес-коомчулуктун кайрылуулары боюнча иштелип чыккан.


Мыйзам долбоорунун негизги багыттары:

1) Бирдиктүү салык режимин кеңейтүү

Кирешенин көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү (азыркы учурда чеги – 30,0 млн. сом).


2) Чакан бизнести бошотуу

Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык көлөмү 8 млн. сомго чейин болгон, ККМ колдонуу талаптарына жооп берген жеке ишкерлер үчүн мөөнөтсүз салыктан бошотуу каралган.

(Азыркы Салык Кодекске ылайык 2023 - жылдын 1 - январынан баштап 1% ставка менен төлөп башташат).


3) Бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкалары

Соода субъекттерине бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкалары сунушталат:

а) 0,5 пайыз - жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомго чейин;

б) 1 пайыз  - жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин.

(Азыркы учурда ставкалар 4% түзөт эгер накталай формада болсо, 2% эгер накталай эмес формада болсо).


4) Сатуудан алынуучу салыктын 0% ставкасы накталай эмес төлөмдөр үчүн жалпы режимдеги субъектке сатылса 1 жылга узартылат.

 (Азыркы Салык Кодекске ылайык 2023 - жылдын 1 - январынан баштап сатуудан алынуучу салык 1-3% ставкалар менен төлөнөт).


5) Коомдук тамактануу субъектилери үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөтүлдү 8 %дан:

1) Бишкек жана Ош шаарларында:

а) 6 % - накталай түрдө;

б) 4 % - накталай эмес формада.

2) Кыргыз Республикасынын калган аймагында:

а) 5 % - накталай түрдө;

б) 3 % - накталай эмес формада.


6) Туризм тармагын өнүктүрүүгө дем берүү

Туризм тармагын колдоо максатында туроператордук ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары 6 жана 4 %дан төмөндөтүлдү:

а) 4 % - накталай түрдө;

б) 2 % - накталай эмес формада.


7) Креативдүү экономикага ишкердик субъекттерин стимулдаштыруу үчүн бирдиктүү салыктын ставкаларын төмөнкүдөй өлчөмдө белгилөө сунушталууда:

а) 2023 жана 2024-жылдары - 0,5 пайыз;

б) 2025 жана 2026-жылдары - 1 пайыз;

в) 2027-жылдан баштап - 2 пайыз.

(Азыркы учурда ставкалар 6% түзөт эгер накталай формада болсо, 4% эгер накталай эмес формада болсо).


8) Азайтылган айыптар

Кассалык чектерди бербөө жагынан ККМ колдонууга карата талаптарды бузгандыгы үчүн айыптын өлчөмү кыскартылды, бул биринчи укук бузуу үчүн эскертүү жана айыптын даражасын белгилөө түрүндөгү жазаны колдонууну камтыйт, кийинки укук бузуулар үчүн жеке жактар үчүн 500 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом.

(Азыркы учурда биринчи бузуу болсо жеке жактар үчүн 3000 сом жана юридикалык жактар үчүн 13000 сом айып пул каралган).

Ошондой эле Мыйзам долбоорунда салыктык укук бузуулар үчүн туумдар айып салуу жөнүндө чечимди алган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда айыптын өлчөмүн 70% менен азайтуу сунушталууда.


9) Бирдиктүү салыктын субъектилери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү патенттегидей 1900 сомдон 800 сомго чейин төмөндөтүү сунушталат).


10) Кыргыз Республикасынын токтоп турган өнөр жай ишканаларын жеңилдетилген салык салынуучу өнөр жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталат.


11) Курулуш секторун колдоо максатында долбоор тарабынан                        үлүштүк келишимдер 2022-жылдын 1-январына чейин түзүлгөн болсо, 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө накталай эмес формада төлөнсө сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0% болот.

 (Азыркы Салык Кодекске ылайык сатуудан алынуучу салык 2% ставка менен төлөнөт).


12) Маалыматтык технологиялар кызматына салык салуу

Долбоор IT тармагындагы субъектилер үчүн салыктарды бирдиктүү салыктын негизинде төлөөнү жеңилдетилген ставкалар менен (накталай төлөмдөр үчүн 6%дан 4%ке чейин, накталай эмес төлөмдөр үчүн 4%дан 2%ке чейин) жана аралыктан каттоону карайт.


13) Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган автотранспорт каражаттарын КНСтен бошотуу сунушталат.


14) 2024-жылдын 1-январына чейин айыл чарба өндүрүүчүнүн эсептик каттоо мөөнөтүн узартуу сунушталат.


15) Эркин экономикалык зона аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып чыгууда НДС төлөөдөн бошотуу каралган.



16) Күмүш, жез, сурьма, сымап, калай жана вольфрамды камтыган рудаларды жана концентраттарды сатууда пайда салыгынын ордуна алтынга салык салуунун учурдагы механизмине окшош киреше салыгын киргизүү сунушталат.


17) Мыйзам долбоору менен эгерде Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашууда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка ченемдер белгиленсе, анда ошол макулдашуу менен жөнгө салынган салыктык мамилелерге карата ошол макулдашуунун ченемдери колдонуу сунушталат.


18) Баткен жана Ош облустарынын Мамлекеттик чек аранын кыргыз–тажик участогунда куралдуу чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткандардын тизмесине киргизилген субъекттердин 2022-жылдын
 1-ноябрындагы абалы боюнча түзүлгөн салыктык карыздары эсептен чыгарылышы каралган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу