Пресс-анонс: Урматтуу ишкерлер! Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексине байланыштуу суроолоруңуздар арбын болсо керек

Новости
21-Декабрь 2022-ж.
2492

Айрыкча сиздер үчүн Инстаграмда жана Фейсбукта Бизнес Акыйкатчы институтунун баракчасында КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Алыкулов менен түз эфир уюштурдук, анда бардык суроолоруңузду берип, толук жооп ала аласыз.

Качан: 21-декабрь 14:00

Кайда: Instagram жана Facebook Live трансляциясы аркылуу

Эксперт: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Алыкулов

Модератор: Бизнес-омбудсмендин милдетин аткаруучу Нурлан Мусуралиев

Биз төмөнкү суроолорду карап чыгабыз:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги негизги өзгөртүүлөр кандай болот жана алар ишкерлерге кандай таасир этет?

2. Иштин айрым түрлөрүнө салыктын ставкаларын жогорулатуу пландалып жатабы?

3. Банктык сырды жоюу: ишкерлер үчүн кандай кесепеттер болушу мүмкүн?

4. 2023-жылдын 1-январынан баштап кассалык машиналарга жаңы талаптар – ишкерлер эмне кылышы керек?

5. Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин калкка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү субъекттерди бардык салыктарды төлөөдөн бошотуу

6. Коомдук тамактануу тармагындагы салыктык эсепке кандай жаңы талаптар коюлду?

7. Мораторийдин алкагында салыктык текшерүүлөр кандай жүргүзүлөт?

8. Милдеттүү патенттин жана салыктык контракттын негизинде ишмердүүлүктү оптималдаштыруу.

Кошулуңуздар! Бул абдан кызыктуу болот!

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу