Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу: жумуш орундары, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, бюджетти толтуруу

Новости
20-Декабрь 2022-ж.
3535

2022-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги Адылбек Акматов,   “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жана ошондой эле аталган ведомстволордун башка бөлүмдөрүнүн жетекчилери, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда  Кытай-Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тегерек стол өткөрүлдү.

Бет ачардын жүрүшүндө А.Сакиев бул долбоордун максаттары, автожолдун, каттамдын жана жүк ташуучу станциянын курулушунун негизги өбөлгөлөрү жана кол коюлган документтер тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргыз Республикасындагы маанилүү курулуш жана инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат.

Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Европа Биримдигине товарларды жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор жүктөрдү жеткирүүнүн аралыгын жана убактысын (700 км жана ташуу убактысы 10 күнгө чейин) кыскартуу аркылуу транзиттик ташуулардын эл аралык рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпысынан оң социалдык-экономикалык натыйжа берет жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жакшыртууга олуттуу салым кошот. Тактап айтканда, 1000ден ашык адам иш менен камсыз кылынат.

Ошондой эле 2022-жылдын июнь-июль айларындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү бөлүгүн куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну макулдашышканы белгиленди.

2022-жылдын 14-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору (Кыргызстандын аймагындагы участок) боюнча кызматташуу боюнча Кытай Эл Республикасынын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлигинин ортосунда меморандумга кол коюлган. 

Документте Кыргыз Республикасынын аймагындагы Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад каттамынын бириктирилген варианты боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Тараптар Кыргызстанда ТЭН жүргүзүүдө Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна активдүү кызматташып, биргелешип колдоо көрсөтүшөт. ТЭН боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо убактысын кошкондо) 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес болушу керек.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргыз Республикасынын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу