«Кыргызстан-СУАР Кытай Эл Республикасы» Координациялык топтун 11-жыйынынын Протоколунун аткарылышы жөнүндө

Новости
20-Декабрь 2022-ж.
2726

КНРдин СУАР Элдик өкмөтунун Председателинин орун басары Сун Хунмей айым башчылык кылган КНР СУАР делегациясы Кыргыз Республикасына келди. СУАР делегациясынын курамында КЭР СУАРынын жана жашыл энергетика жана трансчек аралык электрондук коммерция тармагында иш алып барган ТВЕА, САНБАО, EMA жана Джун Тай жана Си Лу Тонг сыяктуу Синьцзяндык ири корпорациялардын расмий өкүлдөрү бар.

2022-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен КЭР СУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Сун Хунмей айымдын мамлекеттик органдардын жана бизнес катышуусунда кеңейтилген жолугушуусу болуп өттү. 

Тараптар 2022-жылдын 29-июлунда видеоконференцбайланыш режиминде өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы «Кыргызстан-КЭР СУАР» Координациялык тобунун 11-жыйынынында Министр Д.Амангелдиев менен С.Хунмей айым Протоколунун аткарылышын талкуулашты. 

Министр Д.Амангелдиев кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелеринин 2022-жылга көп болгондугун белгиледи. Ал кыргыз тараптын «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарын бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан иштери, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жүк ташуулардын өсүү динамикасы тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Синьцзян аймагына жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, эпидемиялардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча кырдаалга жараша карантиндик процессти оптималдаштырууга жана чек ара бекеттериндеги товарларды өткөрүү көлөмүн жогорулатууга көмөктөшүүгө чакырды. 

С.Хунмей айым Кыргыз Республикасы 2022-жылы КЭР СУАРдын №1 өнөктөшү экенин белгилеп, Тараптардын өткөрүлүп жаткан көргөзмө иш-чараларына катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жашыл энергетика чөйрөдө кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

Тараптар ошондой эле Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу, Бедел өткөрүү пунктун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты, Ишкер кеңешин түзүү жана Ысык-Көл облусу менен Кытайдын СУАР ортосунда боордоштук түзүү маселесин көтөрүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу