Баткен жана Ош облустарында жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын алкагындагы жыйынга министрдин биринчи орун басары Ч.Сейитов катышты

Новости
15-Декабрь 2022-ж.
2401

2022-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Баткен шаарында коммерциялык банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын өкүлдөрүнүн (мындан ары - БФКУлар), "Кыргызстан банктар союзу" АКБ, "Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" ААК, "Кепилдик фонду" ААК, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусунда Улуттук банктын көчмө жыйынына катышты.

Көчмө жыйын өлкө президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы «Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө коммерциялык банктар жана БФКУлар тарабынан Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде жабырлануучуларга кредиттерди эсептен чыгаруу жана реструктуризациялоо түрүндө жардам көрсөтүү чаралары тууралуу маалымат угулду.

Мындан тышкары министрдин биринчи орун басары Ч.Сейитов айыл өкмөт башчылары менен болгон жолугушууда Баткен районунун 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган чарбалык субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү тууралуу маалымат берди. 

Ошентип, Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык:

1. Төмөнкү шарттарда жабыр тарткан ишкерлерге бюджеттик ссудаларды берүү үчүн каражаттардын жалпы көлөмүн аныктоо:

- зыяндын өлчөмү 4 миллион 999 миң 999 сомго чейин - 1 миллион сомго чейин жана 5 миллион сомдон ашык - 5 миллион сомго чейин;

- пайыздык чен - жылдык 1%;

- кредитти төлөө мөөнөтү - 3 жыл, квартал сайын бирдей төлөмдөр;

- ипотекалык негизде;

- финансылык санкциялар - мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасына эсептелген жылдык 2%;

- Карыздын негизги суммасын төлөө үчүн жеңилдетилген мөөнөт жана негизги сумма боюнча чегерилген пайыздык чен боюнча - 1 жыл.


2. Жабыр тарткан ишкерлерди аныктоонун тартибине ылайык, жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтурууну бир жолку төлөп берүүнү камсыз кылуу:

- жапа чеккен ишкерлер төлөм алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

1) компенсация төлөө жөнүндө арыз;

2) жарандын инсандыгын ырастоочу документ (паспорт) же жабырлануучу ишкердин таламдарын коргоо укугун күбөлөндүргөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документ (ишеним кат);

3) чарбалык ишти жүргүзүү үчүн салык же бухгалтердик каттоо жөнүндө салык органынан маалымкат;

4) патенттин көчүрмөсү же Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин салыктарды төлөгөндүгү жөнүндө салык органынан көчүрмө;

5) экономикалык иш субъектинин банктык эсебинин реквизиттери.

3. Жабыркаган ишкерлерге келтирилген зыяндын бир жолку компенсациясын төлөө булактары республикалык бюджеттин каражаттары болуп саналат жана төмөнкүдөй улуттук валютада жүзөгө ашырылат:

- ар бир жабыр тарткан ишкерге 300 миң сомдон бир жолку төлөм төлөнөт;

- бир жолку компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдерине ылайык Баткен облусунун казынасынын райондук бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында жабыр тарткан карыз алуучулардын маселелерин чечүүгө багытталган мындан аркы чаралар жана Баткен шаарында жашаган жана/же ишкерлик кылган жарандарга жана ишкердик субъекттерине кредиттерди кароо жана берүү процесстерин жөнөкөйлөтүү механизмдери жөнүндө биргелешкен токтом кабыл алынды. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу