Кыргызстанда “Логистика жана транспорттогу аялдар” ассоциациясынын өкүлчүлүгү ачылды

Новости
09-Декабрь 2022-ж.
1960

2022-жылдын 7-декабрында Королдук Логистика жана Транспорт Институту (CILT) Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Логистика жана транспорттогу аялдар ассоциациясынын (WiLAT) өкүлчүлүгүн ачты. . Бул кеңсе логистика жана транспорт тармагындагы аялдардын дараметин жогорулатуу жана карьералык колдоо көрсөтөт.

Кыргыз Республикасындагы кеңсе WiLAT окутуу жана насаатчылык программаларына жетүүнү камсыздайт жана Кыргыз Республикасында жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндө логистика жана транспорт тармагында аялдарды колдогон аялдарды жана эркектерди бириктирүү аркылуу тармактарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

USAIDдин БA соода программасынын колдоосу менен WiLAT буга чейин Казакстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда кеңселерин ачкан. WiLAT – дүйнө жүзү боюнча логистика жана транспорт тармагындагы аялдарды бириктирген, аялдардын өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү, алардын квалификациясын жогорулатуучу жана тармактык байланыш, өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүүчү профессионалдуу глобалдык тармак.

Ошондой эле, USAIDдин Борбордук Азиядагы соода программасынын колдоосу менен 2022-жылдын 8-декабрында «Заманбап реалдуулукта логистика жана соода: Борбордук Азия аймагынын өзгөчөлүктөрү жана тармактардын негизги көйгөйлөрү» деген темада панелдик сессия болуп өттү. Сессияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунун өкүлдөрү, Кыргызстандын жана Казакстандын кичи жана орто бизнесинин, транспорттук-логистикалык ассоциациялардын, өнөктөштүктөрдүн, транспорт университеттеринин өкүлдөрү, CILT & WiLAT мүчөлөрү катышты.

Жогорудагы иш-чарада Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Соодага көмөктөшүү боюнча Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңештин катчысы Айдарбек Самыкбаев иш-чаранын катышуучуларына товарлардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле транзиттик потенциалды ишке ашыруу максатында транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган чаралар жөнүндө СКУК катчылыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

Бул чаралар Кыргыз Республикасынын экономикасынын бирдиктүү экономикалык мейкиндикте иштешинин жана ЕАЭБдин Кытай менен бирдиктүү бажы чек арасынын болушунун шартында экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Мындан тышкары, транзиттик потенциалды ишке ашыруу маселелери транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү менен чектелбестен, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, альтернативдик транспорттук-логистикалык жолдорду издөө, транспорттук-логистикалык жолдорду издөө сыяктуу факторлор өзүнчө орунду ээлеп,  бажы жана чек ара инфраструктурасын модернизациялоо, чек арадагы соода жана башка административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, экспорттук-импорттук операциялардын наркын жана ачык деңиз портторуна түз кирүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда аларды ишке ашыруу убактысын кыскартуу белгиленди.

Маалымат иретинде:

WiLAT ишин 2013-жылдын июнь айында баштаган. Учурда анын 35 өлкөдө 3250дөн ашуун мүчөсү бар жана өсүп келе жатат. Уюмда формалдуу башкаруучулук отчеттуулук структуралары жана лидерлик, насаатчылык, ишкердик жана ыйгарым укуктарды кеңейтүү сыяктуу төрт стратегиялык багыт бар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу