“Бир айыл – бир продукт” долбоорунун алкагында Улуттук бренд сынагына товарларды алдын ала тандоо

Новости
09-Декабрь 2022-ж.
2015

2022-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде (ЭКМ) JICAнын “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун алкагында өндүрүлгөн продукцияны тандоо боюнча сынактык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын жыйынын министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов ачып, жыйындын катышуучуларына долбоордун учурдагы иштери жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди.

Сынактык комиссиянын курамына ЭКМдин, Кыргызпатенттин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери, ошондой эле «Манас» университетинин жана И.Раззаков атындагы КМТУнун «Тамак-аш инженериясы» адистиги боюнча окутуучулары кирип, 70тен ашык товардын ичинен «Кыргыз Республикасынын Улуттук брендинин товары» наамына тандоонун акыркы этабына кирүүгө татыктуу 21ин тандап алды.

Өлкөнүн жогорку жетекчилеринин катышуусунда финалдык сынак 2022-жылдын 16-декабрында Бишкекте Hyatt Regency мейманканасында өтөт.

Маалымат иретинде:

«Бир айыл-бир продукт» (БАБП) долбоору JICA тарабынан КР ЭКМ менен биргеликте ишке ашырылууда. Долбоор Ысык-Көл облусунда 2007-жылдан бери (15 жылдан ашык) ишке ашырылып келет.

Долбоордун негизги иш-аракети жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу менен, БАБП ыкмасы аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтууга, рентабелдүү БАБП продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, алардын сапатын жогорулатууга жана өзүн-өзү камсыз кылуу системасын, туруктуу бизнести түзүүгө багытталган. 

Долбоор ата мекендик ишкерлерге жалаң жергиликтүү ресурстардын эсебинен сапаттуу сертификацияланган продукцияны өндүрүүгө жардам берет. Долбоорлордун алкагында бал, табигый ширелер жана кыямдар, кийизден жасалган буюмдар жана башкалар өндүрүлүп сатылууда.

Учурда БАБП продукциялары Япония, Россия, Кытай, АКШ жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

2021-жылы жалпы сатуунун 46% экспорттолуп, 54% ички сатуулар болгон.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу