Транспорт каражаттарына электрондук паспортторду берүүнү ишке ашыруу жөнүндө

Новости
09-Декабрь 2022-ж.
1890

2022-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында министрдин орун басары Чыңгыз Макешов менен Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун жолугушуусу болуп өттү.

Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесарев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Бактыбек Шералиев, КР ЭКМ дин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги Бакыт Шабданов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2014-жылдын 15-августундагы «Автотранспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассилеринин) өзү жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттук системаларды уюштуруу жөнүндө макулдашуунун» аткарылышы боюнча маселелер жана жогоруда көрсөтүлгөн иш багыттары боюнча макулдашууларды ишке ашырууну андан ары илгерилетүү боюнча позицияны тактоо каралды:

- Кыргыз Республикасынын улуттук операторунун электрондук паспортторунун системаларын жыйынтыктоону камсыз кылуу жана жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча администратор менен өз ара аракеттенүү жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын улуттук операторунун ортосунда администратор менен жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башка улуттук операторлору менен макулдашууну ишке ашырууда маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу