Бишкекке ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы М.Мясникович баштаган делегация келди

Новости
07-Декабрь 2022-ж.
1706

2022-жылдын 7-декабрында Бишкекке Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Владимирович Мясникович башында турган делегациясы келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан аны КР экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов тосуп алды.

Программага 8-декабрда Бишкек инвестициялык саммитине, 9-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына, Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушууга катышуу каралган.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтөт.

Күн тартибинде 17 маселе каралган, алар:

- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери жөнүндө.

- Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоо жөнүндө.

-Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал жөнүндө.

- Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө.

- 2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө.

-2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө.

-Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуу жөнүндө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу