М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун алдындагы Соодага көмөктөшүү боюнча компетенттүү борборунда эл аралык сооданын эрежелери боюнча семинар өткөрүлдү

Новости
02-Декабрь 2022-ж.
1333

Кыргыз Республикасындагы Сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү 2022-жылдын 20-ноябрынан 21-ноябрына чейин Эл аралык соода борбору (ITC) менен биргеликте Европа Биримдигинин «Ready4Trade Central Asia» долбоорунун алкагында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы Сооданы жеңилдетүү боюнча компетенция борбору тарабынан уюштурулган эл аралык сооданын эрежелери боюнча семинарга катышты.


Семинар чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн уюштурулуп, 4 окуу модулунан турат:

-Эл аралык сооданын эрежелери;

- экспорттук процесс;

- ЕБ рыногунун талаптары;

- Сапат жана шайкештик стандарттары.


Маалымат иретинде:

Соодага көмөктөшүү компетенция борбору Борбордук Азия чөлкөмүндө мамлекеттик кызматкерлерди, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн, магистранттарды жана бакалаврларды, ошондой эле башка жакынкы чет мамлекеттердин студенттерин соода принциптерин жана ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган жалгыз Компетенттик борбор болуп саналат. 


БУУ ЕЭКтин жардамы менен 2021-2025-жылдарга сооданы жеңилдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жол картасы иштелип чыкты.


Жол картасына ылайык, Компетенттик борбор 2025-жылга чейин сооданы жеңилдетүү жаатында 400 адисти (жылына 100 адам) даярдоону көздөп жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу