КР ЭКМ башчысынын орун басары Гватемаланын элчиси менен жолугушууда эки тараптуу соода мамилелерин өнүктүрүүнү талкуулады

Новости
01-Декабрь 2022-ж.
1301

2022-жылдын 30-ноябрында Министрдин орун басары Канат Абдрахманов Гватемала Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джайро Давид Эстрадо Барриос мырза менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде жолугушту.


Министрдин орун басары К.Абдрахманов Жаиро Давид Эстрадо Барриос мырзаны жылуу кабыл алып, аны Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи кызматына дайындалышы менен куттуктады.


Ал ошондой эле Элчиге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин позициясы тууралуу маалымат берип, бизнес өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун башка өкүлдөрү менен байланыштарды түзүүдө ар кандай жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Гватемала Республикасынын географиялык алыстыгына байланыштуу эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык жок экендигин, бирок жердин алыстыгына карабастан, өлкөлөр эки тараптуу соода мамилелерин өнүктүрүүнүн жолдорун таба аларын белгилешти.


Кыргыз Республикасы Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү менен эркин соода келишимине ээ жана ЕБге ЕБнин Жалпыланган преференциялар системасы берилген. Кыргыз Республикасы ЕБ рынокторуна 6 миңден ашык товардык позицияны алымсыз жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алды.


Өз кезегинде коммерциялык кеңешчи Стефане Гарсиа де Элбай Гватемала Республикасы негизинен банан, кофе, кумшекер, пальма майы, мөмө-жемиш жана жашылчаларды экспорттой турганын, Гватемала Республикасы бул продукцияларды Кыргыз Республикасынын рыногуна экспорттоого даяр экендигин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу