Лабораторияларды аккредитациялоо жыйынтыгы

Новости
06-Июль 2015-ж.
2007
2015-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Экномика министрлигине караштуу Кыргыз Аккредитациялоо борбору тарабынан Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин жана анын «Метрология» подкомитетинин кезектеги биргелешкен жыйынын өткөрүлдү. Ага Техникалык комитеттин, «Метрология» подкомитетинин, Экономика министрлигинин, КР мамлекеттик жана жеке метрологиялык кызматтарынын, сыноо, калибрлөө лабораторияларынын жана бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

-аккредитациялоо талаптарын эске алуу менен мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган, стандарттык үлгүлөрдү колдонуу, типтерин бекитүү тартиби жаатында «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу тууралуу» Мыйзамдын мыйзам актыларын өзгөртүү боюнча сунушту киргизүү;

-өлчөө каражаттарын текшерүү боюнча метрологиялык кызматтарга ыйгарым укуктарды берүү боюнча кызыкдар тараптарга окутуу семинарын өткөрүү;

-сот-эксперттик уюмдар боюнча ишти эске алуу менен ИСО 15189, ИСО 22870, ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандарттарга ылайык медицина лабораторияларына аккрежитациялоо өткөрүү боюнча техникалык маселелерди иштеп чыгуу үчүн «медицина лабораториялары» подкомитетин түзүү;

-КАБ документтеринин долбоорлорун макул табуу: КЦА-ПА1СЭО жол-жоболору, КЦА-ПЛ 8 саясаты, руководств по применению международного стандарта микробиологиялык , физико-механикалык сыноолор лабораториялары үчүн ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандартты жана неразрушающего контроля КЦА-ПА 10, КЦА-ПА 12, КЦА-ПА 13 бузбоочу контролду колдонуу боюнча колдонмо.

-Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин жана подкомитеттердин 2015-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн иши канааттандыраарлык деп эсептелсин.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу