Министрдин орун басары К.Абдрахманов Корея Республикасынын DYETEC боёо жана долбоорлоо технологиялар институтунун өкүлдөрү менен жолугушту

Новости
30-Ноябрь 2022-ж.
1104

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Корея Республикасынын Боёк жана дизайн технологиялары институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү ишканаларына өндүрүш технологиясын өркүндөтүү жана мындан аркы кызматташуу үчүн кореялык жана кыргыз компанияларынын тармагын түзүү тигүү тармагында көмөк көрсөтүүнү караган TASK долбоорун ишке ашыруу жүрүүдө.


2022-жылдын 30-ноябрында министрдин орун басары Канат Абдрахманов Корея Республикасынын DYETEC боёк жана дизайн технологиялар институтунун өкүлдөрү менен жолугушту.


Жолугушууда министрдин орун басары корей тараптын өкүлдөрү менен алдын ала бюджети 8,0 млн. долларлык «Кыргызстанда 2024-2028-жылдарга туруктуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү» долбоорун талкуулады. Бул долбоор Кореянын илимий институттары менен биргеликте даярдалган.


Долбоордун максаты – санариптик текстиль өндүрүшүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана экологиялык жактан таза жеңил өнөр жайынын келечеги үчүн инфраструктураны жана системаны куруу.


Кыргыз Республикасында санарип текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн аркасында баалуу продукцияларды чыгарууга, технологдордун, менеджерлердин жана тигүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк түзүлөт, бул өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн, бизнестин кирешесин кеңейтүүгө багытталган аялдарды ишке орноштуруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу