Ата мекендик компания менен Сауд Арабия Королдугунун бизнес делегациясынын өкүлдөрүнүн ортосунда B2B жолугушуусу уюштурулду

Новости
30-Ноябрь 2022-ж.
1221

2022-жылдын 28-ноябрында КР ЭКМ алдындагы Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун жардамы менен Al Rajhi International for Investment (RAII) компаниясынын “Tоро” ЖЧКсынын ортосунда жана САК Инвестициялар министрлигинин өкүлдөрү менен B2B жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө «Торо» ЖЧКсынын директору Э.Мамбеткулов САК бизнес-делегациясынын өкүлдөрүнө компаниянын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк кубаттуулугу, компаниянын фермерлер менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы, ошондой эле Кыргызстандын эттери мусулман өлкөлөрүнө экспорттолуп жаткан халал (адал) стандарттары тууралуу маалымат берди.


Өз кезегинде борбордун директору А.Кайырбеков бизнес-делегацияга кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-сауд комитетинин 3-жыйынынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат берип, анда тараптар халал индустриясы жаатында кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышты. Атап айтканда, халал сертификатын өз ара таануу маселелери боюнча, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы эт халал паркы» долбоору жөнүндө сөз болду.


Жолугушуунун жыйынтыгында аларды кызыктырган бардык суроолорго жооптор берилип, белгиленген маселелердин алкагында бизнес коомчулук менен тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланды.


Маалымат иретинде:

Al Rajhi International for Investment (RAII) 2006-жылы Сауд Арабия Королдугунун мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Сауд Арабия Королдугундагы эң ири коммерциялык компаниялардын бири болгон Сулайман Абдулазиз Аль-Ражхи Авкаф Холдингинин туунду компаниясы болуп саналат.

Компаниянын негизги ишмердүүлүгү чет өлкөлөрдө айыл чарба долбоорлорун жана ага байланыштуу долбоорлорду инвестициялоо жана өнүктүрүү болуп саналат. 40 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде компания экономиканын айыл чарба жана инвестициялык секторлорун өнүктүрүү үчүн заманбап агротехнологияларды киргизүүгө жетишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу