Эгерде сиз көптөн бери бизнес түзүү жөнүндө ойлонуп жүрсөңүз же иштеп жаткан бизнесиңизди кеңейтүүнү кааласаңыз, анда өзгөчө сиз үчүн биз ар кандай багыттагы долбоорлор үчүн бизнес-пландардын үлгүлөрүн даярдадык

Новости
28-Ноябрь 2022-ж.
1586

КР ЭКМнин сайтынан сиз бардык керектүү маалыматтарды жана каржылык моделдин үлгүлөрүн жана нускамаларды таба аласыз.

Бизнес-пландын үлгүсү тууралуу толугураак биодогу же сайттагы шилтеме аркылуу көрө аласыз: https://cutt.ly/SM3O3jq

Бизнес-план үлгүсү жана каржы модели долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин мисалы болуп саналат. Ал ишкерге инвестиция тартуу үчүн долбоорду же бизнес-идеяны иштеп чыгууда жардам берет.

БП үлгүлөрү БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан, КР экономика жана коммерция министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып, «КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо» долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен иштелип чыкты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу