“Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга жаңычылдыктар жана өзгөртүүлөр тууралуу

Новости
28-Ноябрь 2022-ж.
1354

2022-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде кызматкерлерге «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамдын нормаларын түшүндүрүү боюнча окуу семинары өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө аталган Жобого киргизилген жаңылыктар жана өзгөртүүлөр талкууланды.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 16-ноябрында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзам кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин регламенти өлкөнүн парламентинин ишинин тартибин, мыйзам чыгаруу жол-жобосун ишке ашырууну жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган башка ыйгарым укуктарды аныктайт.

Семинардын максаты – министрликтин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу