Чала фабрикаттарды өндүрүү боюнча бизнес-план үлгүсү менен таанышууну сунуштайбыз

Новости
28-Ноябрь 2022-ж.
1449

Эгерде сиз чала фабрикаттарды өндүрүү боюнча цех ачууну же учурдагы бизнести кеңейтүүнү пландаган болсоңуз, анда сунушталган бизнес-план жана каржылык модель үлгүсү сиздин долбоорду тариздөөгө жардам берет.

Долбоорду ишке ашыруунун аркасы менен туруктуу кирешеси бар болгон жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Бизнес-пландын үлгүсү тууралуу толугураак биодогу же сайттагы шилтеме аркылуу көрө аласыз: https://cutt.ly/SM3O3jq

Бизнес-план үлгүсү жана каржы модели долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин мисалы болуп саналат. Ал ишкерге инвестиция тартуу үчүн долбоорду же бизнес-идеяны иштеп чыгууда жардам берет.

БП үлгүлөрү БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан, КР экономика жана коммерция министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып, «КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо» долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен иштелип чыкты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу