IFC Кыргыз Республикасына энергетика сектору үчүн МЖӨ келишимин түзүүгө жана ишке ашырууга жардам берет

Новости
25-Ноябрь 2022-ж.
1684

2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Дүйнөлүк банк тобуна кирген IFC Борбордук Азия боюнча улук аймактык менеджери Кассандра Колберт айымдын иш сапарынын алкагында Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) кеңсесинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. 

Баарлашуунун жүрүшүндө К.Колберт айым учурдагы жана пландаштырылган долбоорлордун аткарылышы тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, ал “100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо” МЖӨ пилоттук долбоорун ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. Бул долбоордо IFC Кыргыз Республикасына энергетика сектору үчүн МЖӨ келишимин түзүүдө жана ишке ашырууда жардам берет.

Министрдин орун басары өз кезегинде бул МЖӨ пилоттук долбоору өлкөдө орнотулган генерациялык кубаттуулукту жогорулатуу аркылуу электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана жеке инвестицияларды тартуу менен экономикалык өнүгүүгө түрткү берерин баса белгиледи.

Ошондой эле, министрдин орун басары К.Абдрахманов ЭФКнын командасына уруксаттардын электрондук реестрин иштеп чыгуу боюнча аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Бул Реестрди колдонуу бюрократиялык процесстерди бир топ кыскартат. Бул Реестр уруксаттар жөнүндө толук маалыматты камтыйт, жеке жана юридикалык жактарга бизнести онлайн режиминде жүргүзүү үчүн эң кыска мөөнөттө керектүү маалыматты алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, тараптар бизнести колдоо жана өнүктүрүүдө каржы институттарынын ролунун маанилүүлүгүн талкуулап,  бул рынокту жеткиликтүү финансылык продуктылар жана кызматтар менен камсыз кылуусун белгилешти.

Министрдин орун басары К.Абдрахманов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды, аларды ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча чараларды даярдоо үчүн түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналган Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши түзүлгөндүгүн маалымдады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын бардык багыттары боюнча тыгыз кызматташууну макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу