Парламент 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер кабинетинин отчетун кабыл алды

Новости
25-Ноябрь 2022-ж.
1525

2022-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчетун, ошондой эле төмөнкү мыйзам долбоорлорун кабыл алды:

- “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

- “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө”.

Белгилей кетсек, парламенттин жалпы жыйынына Министрлер кабинетинин бүт курамы катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин ишинин жыйынтыгы тууралуу жалпы маалымат берип, күн тартиби боюнча каржы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады.

Талкуунун жыйынтыгында баяндама канааттандырарлык деп табылып, мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу