Эгерде сизде идея же долбоор бар болсо, бизнесиңизди кеңейтүүнү – аны долбоорлоо үчүн үлгүлөр менен колдонуңуз!

Новости
24-Ноябрь 2022-ж.
1193

Бүгүн биз сизге канаттуулар фабрикасын түзүүнүн бизнес-планы жөнүндө айтып беребиз  Долбоор үй шартында тоок багуудан ири өндүрүшкө өтүүнү камтыйт. Долбоорду ишке ашыруунун аркасы менен жаңы жумуш орундарын жана канаттуулар этин өндүрүүчүнүн жаңы ата мекендик брендин түзүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.


Бизнес-пландын үлгүсү тууралуу биодогу же сайттагы шилтеме аркылуу көрө аласыз: https://cutt.ly/SM3O3jq


Бизнес-план үлгүсү жана каржы модели долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин мисалы болуп саналат. Ал ишкерге инвестиция тартуу үчүн долбоорду же бизнес-идеяны иштеп чыгууда жардам берет.


БП үлгүлөрү БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан, КР экономика жана коммерция министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып, «КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо» долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен иштелип чыкты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу