Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны жөнүндө

Новости
23-Ноябрь 2022-ж.
1087

2022-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакировдун жана министрдин биринчи орун басары Чоро  Сейитовдун төрагалыгы алдында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги 60-жыйыны болуп өттү.

Жыйында Президенттин Аппараты, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселелер каралды жана жактырылды. 

Атап айтканда, ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык диний билим берүү мекемелеринин уюмдарды, өкүлчүлүктөрдү, чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди), мечиттерди жана диний уюмдарды каттоо/кайра каттоо бөлүгүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча сунуштарын карап жактырды. 

Ошондой эле бул жыйында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндө санариптик көндүмдөрдүн деңгээлин жогорулатуу максатында кошумча кесиптик билим берүү бөлүгүндөгү сунуштары каралды, мындан тышкары жарандардын, мамлекеттик башкаруу секторунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана маалымат ээлеринин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды жана бекитилди.

Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына мамлекеттик органдардын, жарандык жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышып, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жыйында каралган бардык сунуштар 2021-жылдын 8-февралындагы “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген принциптерге толугу менен шайкеш келери белгиленди. 

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү «Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштеп чыгуунун жүрүшүнө байланыштуу маселелерди карап жактырышты.

Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты мамлекеттик органдардын ишинин "сервистик" мүнөзүнүн жаңы моделин калктын керектөөлөрү, заманбап талаптар жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү дүйнөлүк тенденцияга ылайыктап жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы концептуалдык механизмдерин киргизүүгө багытталган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун мыйзамдык базасын өркүндөтүү болуп саналат. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу