Эгер сиз ишкер болсоңуз жана пландарыңызда бакча уюштуруу бар болсо, анда бул маалымат сиз үчүн пайдалуу болушу мүмкүн

Новости
23-Ноябрь 2022-ж.
1532

Сиздерге Ысык-Көл облусунда аянты 30 га болгон интенсивдүү алма бакчаларын түптөө жөнүндө бизнес-план концепциясынын үлгүсүн сунуштайбыз, аны «шаблон» түрүндө колдоно аласыздар. БП долбоору жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Бизнес-пландын үлгүсү тууралуу толугураак биодогу же сайттагы шилтеме аркылуу көрө аласыз: https://cutt.ly/SM3O3jq


Бизнес-план үлгүсү жана каржы модели долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин мисалы болуп саналат. Ал ишкерге инвестиция тартуу үчүн долбоорду же бизнес-идеяны иштеп чыгууда жардам берет.

БП үлгүлөрү БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан, КР экономика жана коммерция министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылып, «КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо» долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен иштелип чыкты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу