Министр Д.Амангелдиев Венгриянын элчиси менен жолугушууда энергетика жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Новости
18-Ноябрь 2022-ж.
1635

2022-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Венгриянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. 

Мындан тышкары, Тараптар энергетика жана айыл чарба тармагында Фонд тарабынан иштелип жаткан долбоорлордун тизмесине кирген долбоорлорду кошкондо, алардын экономикалык эффектилерин эске алуу менен айрым долбоорлордун артыкчылыктарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Фонддун ички уюштуруу жана оперативдүү ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер мындан ары өнүктүрүү үчүн макулдашылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу