Министрдин орун басары К.Абдрахманов БУУнун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын Жетектөөчү кеңешинин 17-сессиясынын ишине катышты

Новости
18-Ноябрь 2022-ж.
2211

2022-жылдын 18-ноябрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов делегациянын башчысы катары Борбордук Азиянын экономикасы үчүн  (СПЕКА) Бириккен Улуттар Уюмунун Башкаруу кеңешинин 17-сессиясынын ишине катышты. 

СПЕКАга мүчө-өлкөлөр аймактык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты жана COVID-19 пандемиясынын жайылышынын терс экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешти.

Ошону менен бирге Жетектөөчү кеңештин алкагында СПЕКАнын трасттык фондун жана СПЕКАнын катчылыгын түзүүгө байланышкан маселелер каралды.

Жетектөөчү кеңештин мүчөлөрү СПЕКАнын тематикалык жумушчу топторунун алкагында Жетектөөчү кеңештин акыркы 16-сессиясынан бери жетишилген натыйжаларды белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Алматы декларациясы жана SPECA Башкаруу Кеңешинин

17-сессиянын чечими кабыл алынды.

Бул сессиянын алдында 2022-жылдын 16-17-ноябрында “Жашыл жана коопсуз келечек” темасына арналган Экономикалык форум өттү.

Форумдун алкагында энергетикага туруктуу өтүү жана санариптик трансформация, соодадагы процедуралык жана ченемдик тоскоолдуктарды жоюу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, аймактык өз ара байланышты кеңейтүү, анын ичинде транспорт, логистика жана башка чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды жана тартууланды.

Онлайн кайрылуу