КР Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы Дүйнөлүк банктын Глобалдык Практикасынын жетекчиси менен жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Новости
16-Ноябрь 2022-ж.
1385

2022-жылдын 16-ноябрында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Дүйнөлүк банктын Глобалдык практикасынын жетекчиси Кристоф Пуш мырза менен жолугушту.

Жолугушууда министр Д.Амангелдиев Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал «Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү (1-фаза), «Баткен облусунун региондук экономикалык өнүгүүсү» долбоорун ишке ашыруу (2-фаза) тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарынын, өзгөчө Баткен облусунун экономикасын комплекстүү өнүктүрүү Министрлер Кабинетинин приоритеттүү милдеттеринин бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде К.Пуш мырза Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, учурда Кыргыз Республикасы менен 2023-2028-жылдарга өнөктөштүктүн Алкактык программасы (PFP) иштелип жатканын, анын алкагында Дүйнөлүк банк “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун 3-фазасын даярдоону пландаштырып жатканын айтты. Ошондой эле, К.Пуш мырза белгилегендей, бул долбоор бир тармакты камтышы мүмкүн же белгилүү бир тармакты өнүктүрүүгө багытталышы мүмкүн.

Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы Региондорду экономикалык өнүктүрүү долбоорунун 3-фазасын тез арада ишке киргизүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасы аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын баса белгиледи. Бул долбоорлор өлкөбүздүн аймактарын өнүктүрүүгө, өзгөчө айыл чарбасын, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга чоң салым кошот, - деди министр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Аймактык экономиканы өнүктүрүү» долбоорунун 3-фазасын даярдоо боюнча консультацияларды улантууга макулдашты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдоого жана көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу