Бишкекте мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды

Новости
15-Ноябрь 2022-ж.
1846

2022-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун колдоосу менен эксперттик коомчулукка маалымат берүү, коомдук оң пикирди түзүү, сунуштарды алуу үчүн «Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын иштелип чыккан долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдын 20-майындагы буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан жана мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүүнүн жаңы концептуалдык механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.

“Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорунун негизги максаты – мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун укуктук негиздерин өркүндөтүү, анын ишинин “кызмат көрсөтүү” мүнөзүнүн жаңы моделин киргизүүгө багытталган мамлекеттик органдар жана калктын керектөөлөрүнө, заманбап талаптарга,мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү дүйнөлүк тенденцияларга жооп берген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы концептуалдык механизмдери болуп саналат.

Тегерек столдо белгиленгендей, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамынын алкагында чечүүгө мүмкүн болбогон системалык көйгөйлөрдүн болушу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу системасын кайра карап чыгуу зарылчылыгы болду. Өлкө президентинин демилгесинин алкагында жүргүзүлгөн 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун жыйынтыгы да жаңы мыйзамды иштеп чыгуу зарылдыгын тастыктады.

Бул тегерек столго жергиликтүү өз алдынча башкаруу, муниципалдык кызматтар, Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун, Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясынын, Бишкек шаарынын өнүктүрүү агенттигинин эксперттери, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү катышты. 

Тегерек столдун катышуучулары ошондой эле жаңы механизмдерди, нормаларды жана ченемдерди киргизүү Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу системасын андан ары өнүктүрүүгө түрткү берет деген ишенимин билдиришти

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу