Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин жаңы орун басары Чыңгыз Макешов тааныштырылды

Новости
14-Ноябрь 2022-ж.
1706

Бүгүн, 2022-жылдын 14-ноябрында, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Борбордук аппаратка жаңы орун басары – Макешов Чыңгыз Дүйшөнкуловичти тааныштырды.

2022-жылдын 25-октябрындагы тиешелүү №693 буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ч.Макешов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы Ишкердикти өнүктүрүү фондунун төрагасы. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштеген. 2014-жылы - Кыргызстан зергерлер ассоциациясынын аткаруучу директору. 2008-жылы - БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы долбоордук координатору.

Министр ошондой эле соода саясаты башкармалыгынын жаңы жетекчиси Римма Хаджимуратовна Киселеваны тааныштырды.

Р.Киселева 1999-2016-жылдары бир топ тажрыйбага ээ болгон. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде башкы адистен ЕАЭБ менен иштөө башкармалыгынын башчысы кызматына чейин иштеген. 2017-2021-жылдары Москвадагы Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинде директордун орун басары болуп иштеген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу