Ош шаарында өткөн “Биргелешкен аракет менен туруктуу туризмди өнүктүрүү” II аймактык туристтик форумунун жыйынтыгы тууралуу

Новости
10-Ноябрь 2022-ж.
1601

Ош шаарында “Биргелешкен аракет аркылуу туруктуу туризмди өнүктүрүү” II - Чоң аймактык туристтик форуму, Эл аралык көргөзмө-жарманке: “Кыргызстан Улуу Жибек жолунда”, Эл аралык гастрономиялык фестиваль: “Көчмөндөрдүн тамак-ашы” өттү.

Жогорудагы иш-чараларда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемеси биргелешип уюштуруучу катары чыгып, анда МКДБ жана өнөктөштөр менен биргеликте Глобус, ООО Белектер Тянь-Шань, ЖАК Шоро ж.б. халал (адал) ата мекендик ишканалардын продукциялары үчүн жарманке уюштурулду. Форумдун алкагында пленардык жыйында «Кыргыз Республикасында халал (адал) туризмди өнүктүрүүнүн келечеги – чыгышка жаңы көрүнүш» - Борбордун өкүлү Алмаз Шаршенбеков жана              «Кыргызстандагы халал туризм» - халал (адал) туризм тармагындагы бизнес-ассоциациянын өкүлү - Абдиев Докторбек чыгып сүйлөштү.

Туризм - бул динамикалуу экономикалык эффект берген, адамдардын жашоосунда чоң социалдык жана жаратмандык ролду ойногон тармак. Бул тармактын потенциалы зор жана тынымсыз өсүү стадиясында турат. Ушуга байланыштуу, Борбор «2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында халал индустриясын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын» 5.1 пунктун ишке ашыруунун алкагында калкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө олуттуу салым кошууга даяр. Өлкөдө адал жана экологиялык туризмди өнүктүрүү жана жарандар, бизнес жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл, - деп белгиленет форумда.

Борбор бул форумду уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу