Түрк тилдүү мамлекеттердин экономикалык кызматташтык боюнча 13-жумушчу Кеңешмеси жөнүндө

Новости
09-Ноябрь 2022-ж.
1604

2022-жылдын 8-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) соода/экономика боюнча министрлеринин 11-жыйынынын алдында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Экономикалык кызматташтык боюнча 13-жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү.

Кыргыз делегациясын КР Экономика жана коммерция министринин орун басары К.Абдрахманов жетектеп, анын курамына КР Тышкы иштер министрлигинин, КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин жана Социалдык фонддун өкүлдөрү да кирди. 

Отурумдун жүрүшүндө ТМУ мүчө-мамлекеттеринин эксперттери ТМУ үчүн инвестициялык фондду түзүү боюнча бир катар документтердин долбоорлорун, кызмат көрсөтүүлөрдү жана инвестицияларды эркин соодалоо боюнча көп тараптуу келишимди, санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишимин карашты.

Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Түрк мамлекеттеринин соода кызматташтыгы боюнча илимий-изилдөө борборун жана ТМУ мүчө-мамлекеттеринин адистештирилген уюмдарынын базасында инженердик-технологиялык борборлорду түзүү боюнча демилгелери, “Чакан жана орто бизнестин мамлекеттер ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум» каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар ТМУнун алкагында жаңы этапка кирген экономикалык, соода, инвестициялык жана башка актуалдуу чөйрөлөрдө көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча каралып жаткан демилгелерди ишке ашыруу механизмдерин белгилешти. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу