Министр Д.Амангелдиев Самаркандда өткөн ТМУнун соода/экономика боюнча министрлеринин кезектеги жыйынына катышууда

Новости
09-Ноябрь 2022-ж.
1602

2022-жылдын 9-ноябрында өтүүчү Мамлекет башчыларынын Саммитинин алдында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) соода/экономика боюнча 11-министрлик жолугушуусу өтүүдө.

Отурумду Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Инвестициялар жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев алып барууда, ага Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Багдад Амреев, Азербайжан Республикасынын экономика министринин орун басары Самад Баширли Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министринин орун басары Абзал Абдикаримов, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Түркия Республикасынын соода министри Мехмет Муш жана ВенгриянынТышкы иштер жана соода министрлигинин коопсуздук саясаты жана энергетикалык коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы Петр Штарай катышты. 

Соода, инвестиция, өз ара байланыш жана көп тараптуу экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндө жаңы демилгелер аркылуу алардын экономикалык өнүгүүсүн тездетүү боюнча мүчө жана байкоочу мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин улантуунун маанилүүлүгүн эске алып, экономика/соода үчүн жооптуу министрлер төмөнкүлөргө макул болушту:

- ТМУнун алкагында жаңы этапка кирген экономикалык, соода, инвестициялык жана башка актуалдуу чөйрөлөрдө көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча мындан аркы зарыл чараларды көрүү.

Министрликтердин жетекчилери 500 миллион доллар капиталы менен Түрк инвестициялык фондун түзүүдөгү жылыштарды белгилешти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Сооданы жеңилдетүү стратегиясы боюнча документтердин долбоорлору, Кызматтарды жана инвестицияларды эркин соодалоо боюнча көп тараптуу макулдашуу, ТМУ алкагында санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими жана бир катар башка документтердин долбоорлору талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар биргелешкен коммюнике кабыл алышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу