Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев журналисттерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери!
Урматтуу журналистиканын ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бүгүнкү күндө биздин жашообузду маалымат алмашуусуз элестетүү кыйын. ЖМКнын жана интернеттин тез өнүгүшүнүн аркасында биз ар дайым эң маанилүү маселелерден кабардар болуп турабыз, реалдуу убакыт режиминде өлкөдөгү жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат алабыз.
Жалпыга маалымдоо каражаттары көбүнчө коомдук аң-сезимдеги маанайды аныктап, коомдук баалуулуктардын калыптанышына таасирин тийгизип жатканы жашыруун эмес. Өнүгүп келе жаткан жарандык коомдун маанилүү элементи катары өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн сезимтал барометри болуу менен, ЖМКлар мамлекеттик жана коомдук институттар менен конструктивдүү диалогдо жана жемиштүү кызматташууда. Көпчүлүк актуалдуу маселелерди чечүүнүн сапаты жана натыйжалуулугу дал ушундан көз каранды. Сиздердин макалаларыңыз жана сюжеттериңизсиз мамлекеттик башкаруунун эффективдүү иштеп жаткан механизмин элестетүү мүмкүн эмес.
Бул майрам күнү мен сиздерге кызыктуу жана жандуу чыгармаларды, актуалдуу материалдарды жана түгөнгүс чыгармачылык энергияны каалайм. Окурмандардын жана көрүүчүлөрдүн сүйүүсү сиздерди колдоп, мындан аркы профессионалдык өсүү жана такшалуу үчүн стимул болсун. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, урматтуу журналисттер!
Урматтоо менен,
КР Экономика жана коммерция министри
Данияр Амангелдиев