Бишкекте соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия ӨАК 10-жыйыны өттү

Новости
04-Ноябрь 2022-ж.
2062

2022-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун төрагалыгы алдында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйыны онлайн режиминде өттү.

Комиссиянын индиялык бөлүгүнө Индия Республикасынын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял мырза башчылык кылды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде бизнес-форумдарды жана бизнес-миссияларды өткөрүү, авиакаттамдардын пункттарын жана жыштыгын көбөйтүү, санариптештирүү, өнөр жай, айыл чарба, энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү, Индиянын Кыргыз Республикасына акысыз жардам көрсөтүү боюнча жогорку натыйжалуу социалдык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карашты.

Мындан тышкары, Индиянын рыногуна алып чыгуу үчүн Кыргызстандан товарлардын айрым түрлөрүнө Кыргыз Республикасы тарабынан преференцияларды алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошондой эле, Комиссиянын отурумунун алкагында Тараптар саламаттыкты сактоо, фармацевтика, билим берүү, техникалык жөнгө салуу, экологиялык жана техникалык коопсуздук, банк иши ж.б. тармактарда мындан аркы кызматташуунун багыттарын аныкташты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу