Кыргызстан Армения менен экономиканын бардык тармактарында жигердүү кызматташууга даяр

Новости
04-Ноябрь 2022-ж.
2365

Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2022-жылдын 4-ноябрында Армения Республикасы, Ереван шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отурумунда сүйлөгөн сөзүндө өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн башчысы Данияр Амангелдиев билдирди.

Министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 9-январында түзүлгөн жана келерки жылы 2023-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жыл толот.

Бул мезгил ичинде өлкөлөр региондук түзүмдөр аркылуу, атап айтканда ЕАЭБ, ЖККУ жана КМШ алкагында өз ара аракеттенүүнүн оң тенденциясына ээ.

Кыргыз Республикасы эки тараптуу кызматташуунун алкагында соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү үчүн сооданын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө боло турган тийиштүү чараларды көрүү зарыл деп эсептейт. Атап айтканда, булар жөнүндө сөз болуп жатат:

- жеке секторду жана компанияларды биздин өлкөлөрдүн рыноктору үчүн керектүү товарлар менен соодасын кеңейтүүгө шыктандыруу;

- бул жаатта кызматташууну тереңдетүү үчүн соода-өндүрүштүк семинарларды, конференцияларды жана соода-экономикалык алмашуу миссияларын өткөрүү;

- чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча маалыматтар, маалымат жана изилдөөлөр менен алмашуу.

Министр ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, байланыштарды диверсификациялоого, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө, өндүрүш жана тейлөө циклинин кошумча чынжырларын көбөйтүүгө көмөктөшүүчү инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ал санариптештирүү жана жаңы технологиялар жаатында кызматташууну илгерилетүүгө ишенимин билдирди.

Маалым болгондой, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ассоциациянын кошумча түзүлгөн бюджеттик каражаттарынын эсебинен өнөр жай кооперациясын жеңилдетилген каржылоонун булактарына жана механизмине макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгышкан. Буга байланыштуу министр биргелешкен долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү жана бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты орнотууну, ошондой эле жакынкы аралыкта B2B оффлайн же онлайн жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Армян бөлүгүн Армения республикасынын экономика министри Вахан Керобян жетектеди.

Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө Тараптар соода-экономикалык кызматташтык, ишкердик, чакан жана орто бизнес, өнөр жай жана өнөр жай кооперациясы, санариптик трансформация, маалыматтык технологиялар жана почта байланышы сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары, кызмат көрсөтүү, энергетика, айыл чарба, билим берүү, илим, маданият, жаштар, спорт, туризм, саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана аймактар аралык кызматташтык боюнча маселелерди карашты.

Интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты түзүү, тажрыйба жана технологияларды алмашуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлду.

Маалымат катары:

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Армения менен соода жүгүртүүсү 3,462 миллион долларды түздү жана 2020-жылга салыштырмалуу 34,6%, анын ичинде импорт 3,358 млн долларга кыскарды жана 30%га азайып, экспорт 0,104 млн долларды түздү жана 5,0 эсеге азайган.

2022-жылдын январь-августу Кыргыз Республикасынын Армения менен соода жүгүртүүсү 3,79 миллион долларды түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу2,0 эсеге, анын ичинде импорт 3,65 млн долларга өскөн жана дээрлик 2,0 эсеге көбөйдү, экспорт 0,14 млн долларды түздү (5,1 эсеге көбөйдү). Төө буурчакты жеткирүүнүн эсебинен экспорт көбөйдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу