Министр Д.Амангелдиев Ереванда 1-кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында жолугушууларды өткөрүп, бир катар Борборлордун иши менен таанышты

Новости
04-Ноябрь 2022-ж.
2245

2022-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Армения Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Аткаруучу директору Андраник Алексанян Еревандагы (Армения Республикасы) экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын кыргыз-армян өкмөттөр аралык биринчи жыйынынын алкагында жолугушту. 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы ошондой эле «Энергия Армения» инвестициялык колдоо борборунун башкы директору Левон Оганесян менен жолугушуп, тараптар инвестиция тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын иш сапарынын программасына ылайык, министр Д.Амангелдиев «Модерна Айги» интенсивдүү багбанчылык ишканасына, ошондой эле AM-PG Group компаниясынын коргоо басмасы жана программалоо чөйрөсүндөгү инновациялар жана программалоо боюнча аймактык борборго барды, анда «TUMO» чыгармачылык технологиялар борборунун ишмердүүлүгү менен кеңири таанышты.

Ошондой эле, 2022-жылдын 3-ноябрында 1-кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын эксперттик бөлүгүнүн отуруму болуп өттү.

Өкмөттөр аралык комиссиянын 1-жыйынынын күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелери, атап айтканда: соода-экономикалык кызматташтык, өнөр жай жана өнөр жай кооперациясындагы кызматташтык, санариптик трансформация, энергетика, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм жана спорт , айлана-чөйрөнү коргоо, ишкердик маселелери каралды.

Экономикалык кызматташуу боюнча 1-кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны 2022-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев менен Армения Республикасынын Экономика министри В. Керобяндын төрагалыгы астында өтмөкчү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу