Жарандык кызматтык куралды сертификациялоонун тартиби иштелип чыкты

Новости
02-Ноябрь 2022-ж.
2385

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.

Бул долбоор “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан, анда Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жарандык жана кызматтык куралдын бардык үлгүлөрү жана алар үчүн патрондор сертификацияланат , анткени ал курал-жарактарга түзүмү боюнча  буюмдарга окшош.

Токтомдун долбоору менен жарандык кызматтык куралдарды милдеттүү түрдө сертификациялоонун тартибин жана жарандык кызматтык куралдардын жана ага карата патрондордун, ошондой эле милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон курал-жарактарга түзүмү боюнча окшош буюмдардын тизмесин бекитүү сунушталууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу