Кыргыз Республикасында биргелешкен холдингдик компанияны түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
01-Ноябрь 2022-ж.
1775

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында 2022-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасында биргелешкен холдингдик компанияны (мындан ары - Компания) түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да бар.

Бул Компанияны түзүүнүн негизги максаттары жана милдеттери артыкчылыктуу инвестициялык бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Компания экспортту өнүктүрүү, жаңы технологияларды колдонуу, өнөр жайды модернизациялоо, кошумча нарк чынжырын түзүү жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду каржылайт.

Компаниянын уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзөт, андан кийинки инвестициялар 1,2 млрд АКШ долларына чейин жетет.

Компанияны директорлор кеңеши башкарат, анын курамын кыргыз тараптын жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү түзүшөт. Компаниянын башкы кеңсеси Кыргыз Республикасында жайгашат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу