Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форумду өткөрүүдө мамлекеттик органдардын, уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирилди

Новости
27-Октябрь 2022-ж.
2470

2002-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, биринчи Евразиялык экономикалык форумду уюштурууда жана ийгиликтүү өткөрүүдө ак ниет эмгеги, колдоосу жана жардамы үчүн сыйлык тапшырылды. 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жарыяланды.

Тиешелүү 2022-жылдын 16-июнундагы No 419 буйругун КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов тапшырып сыйлады.

Ч.Сейитов 26-майда Бишкекте өткөн биринчи Евразиялык экономикалык форумду даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн министрдин атынан жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал чогулгандарды куттуктап, өткөн форум бай жана жемиштүү болгонун белгиледи. Ал бардыгына мындан аркы ийгиликтерди, экономикалык, жеке жана мамлекеттик өсүш жана бакубатчылык каалады.

Эске салсак, өткөн Форум экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, катышуучулардын чарба жүргүзүүчү субъектилеринин ортосундагы кооперативдик байланыштарды, ошондой эле инвестициялык, инновациялык жана экспорттук потенциалды калыптандырууга багытталган.

Форумдун алкагында маданият, өнөр жай, билим берүү, транспорт, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, ошондой эле электрондук коммерция тармагында тараптардын кызматташтыгын жана өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоого багытталган 20дан ашык макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.

Тизме тиркелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу