Индия менен биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишилди

Новости
24-Октябрь 2022-ж.
1681

Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө КР жергиликтүү бийлик органдары же мамлекеттик институттары аркылуу ишке ашырыла турган өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана каржылоонун механизмдери талкууланды.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун өткөрүү маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу