Кыргыз Республикасында женил өнөр жайын өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө

Новости
19-Октябрь 2022-ж.
1597

2022-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясында (Таврический сарайы, штаб-квартирасы) өткөн «Мода шериктештиги» Эл аралык форумунун ишине онлайн форматта катышты. 


Өзүнүн куттуктоо сөзүндө В.Исаева мындай бириктирүүчү иш-чаралар тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономикада республика үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.


Кыргыз Республикасы жеңил өнөр жай тармагында чоң потенциалга ээ, ачык жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууга бардык күч-аракетин жумшоого даяр экени жарыяланды.


Форум платформасы жеңил өнөр жай жана мода индустриясындагы жаңы жетишкендиктер менен таанышууга, кызматташуунун келечектүү багыттарын, КМШ өлкөлөрүнүн көйгөйлүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берет.


Ошондой эле министрдин орун басары «Жеңил өнөр жай КМШга мүчө-мамлекеттердин экономикасынын негизги жана келечектүү тармактарынын бири» деген темадагы тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу баяндама жасады. 


Маалымат иретинде:

 “Мода шериктештиги” форуму тууралуу – бул жеңил өнөр жай жана мода индустриясынын, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун, Шериктеш мамлекеттердин окуу жайларынын өкүлдөрүн бир аянтчага бириктирген эл аралык маданий-экономикалык долбоор.

Форумдун максаттары – КМШ өлкөлөрүнүн бай маданий мурастары жөнүндө билимдерди жайылтуу, маданий байланыштарды жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, улуттук бренддерди позициялоо жана алдыга жылдыруу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү, кесипкөй кадрларды даярдоо, мыйзам чыгаруучу деңгээлде жана иш жүзүндө жеңил өнөр жайды өнүктүрүүдө орун алган административдик тоскоолдуктарды жеңүү болуп саналат. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу