Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери кезектеги ишембилик Ч. Тулебердиевтин атындагы сейил багында өткөрүштү

Новости
15-Октябрь 2022-ж.
1988

2022-жылдын 15-октябрында Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан ишембилик өткөрүштү.

Иштин жүрүшүндө тартип орнотулуп, бак-дарактар казылып, тротуарлар шыпырылып, парктын ичиндеги таштандылар чыгарылды.

Эскерте кетсек, жыл сайын “Улуттук тазалык күнүнө” арналган Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана кичи шаарчаларынын аймактарын социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу