Сыноочу приборлор үчүн химиялык реактивдерди сатып алуу жөнүндө

Новости
14-Октябрь 2022-ж.
1686

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы No102 Мыйзамы менен ратификацияланган Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү процессинин Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун алкагында сыноо лабораторияларын модернизациялоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. 

Отурумдун жүрүшүндө сыноо лабораториялары үчүн химиялык реактивдерди сатып алуу (жеткирүү), машина куруу комплексинин лабораториясын жабдуу жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун эмеректери менен камсыздоо, Бишкек шаарында жарым үнсүз жаңырыктаган экрандуу камераны жайгаштыруу үчүн оңой тургузула турган имаратты орнотуу менен камсыздоо, сыноо жабдууларынын жана сыноо ыкмаларынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүү үчүн лабораториянын адистерин окутуу маселелери каралды. 

Жыйынтыгында Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколу боюнча Россия Федерациясынын Финансы министрлигинен позицияны алууну тездетүү зарылчылыгы жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасына түздөн-түз андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү бөлүгүндө химиялык реактивдерди, чыгымдалуучу материалдарды жана прекурсорлорду жогоруда аталган Макулдашууда каралган финансылык каражаттардын эсебинен сатып алууга чечимдер кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу