Борбор Азия менен Пакистандын “Бирдиктүү терезелеринин” жолугушуусу тууралуу

Новости
14-Октябрь 2022-ж.
1935

2022-жылдын 12-октябрынан 14-октябрына чейин Исламабадда (Пакистан) Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан уюштурулган “Улуттук бирдиктүү терезе – ишке ашыруу жана Башкаруу» боюнча семинар өтүүдө.

Бул семинар Борбордук Азиядагы Улуттук бирдиктүү терезелерди жана ведомстволор аралык электрондук алмашуу тажрыйбасын үйрөнүүгө багытталган. Борбордук Азия өлкөлөрү ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты жана кагазсыз чек ара соодасын түзүүгө умтулуп, сооданы жеңилдетүү үчүн түзүлгөн бирдиктүү терезелерди жана соода порталдарын иштетүү боюнча тажрыйба алмашышты.

Мындан тышкары, семинарда пакистандык-кытайлык кызматташтыгы боюнча бирдиктүү терезелердин тажрыйбасы көрсөтүлдү.

Форумга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү, Соодага көмөктөшүү кеңешинин катчылыгынын өкүлү жана бажы брокерлеринин ассоциациясынын жетекчиси катышууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу